БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Массалык башаламандык уюштурууга шектелген ютубер 22-ноябрга чейин камакка алынды

Массалык башаламандык уюштурууга шектелген ютубер 22-ноябрга чейин камакка алынды

Сүрөт интернеттен алынды

Ноокатта кармалган "За правду" ютуб-каналынын ээси Азамат Карабаев 22-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу "Т-Медиага" Ош облустук сотунун басма сөз кызматы 25-октябрда билдирди. 

Анын бөгөт чарасы 24-октябрда Ноокат райондук сотунда каралган. 

Азамат Карабаев массалык башаламандыктар беренеси боюнча шектелип, 23-октябрда кармалганын облустук милиция билдирген. Анын алдында Карабаев Ноокатта жаңы салынган жолдун сапатын сындаган видео жарыялаган

Милиция ютубер За Правду" ютуб каналына цемент заводдогу окуя тууралуу жарыялаган видеосу боюнча кармалганын кабарлаган. Маалыматка караганда,  5-июлда Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл аймагынын тургундары "ЮКЦ"  цемент заводуна барып, чет элдик инвесторлордун иш алып баруусуна тоскоолдук жараткан. Жергиликтүүлөр ал жерде мурда иштеп кеткен жаранды кайрадан жумушка алууну талап кылышкан. Бул факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмү текшерүү иштерин баштап, "За Правду" ютуб каналына жүктөлгөн видеого соттук-лингвистикалык экспертиза дайындаган. Чогулган материалдын жана экспертизанын корутундусу менен кылмыш иши козголгон.

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала