БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Былтыр 38 аял төрөттөн каза болду. Инфографика

Былтыр 38 аял төрөттөн каза болду. Инфографика

Сүрөт интернеттен алынды

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда 38 аял төрөттөн каза болгон. Быйыл жыл башынан бери үч келин төрөттөн каза тапканы расмий айтылып, алардын жакындары буга дарыгерлерди күнөөлөп жатат.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, 2020-жылы пандемиядан кийин төрөттөн каза болгон аялдардын саны азая баштаган. Төмөндөгү грфикада соңку беш жылдагы сандар келтирилди. 

Төрөттөн көз жумган келиндер боюнча маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутаттар саламаттык сактоо министрин маалымат берүүсүн талап кылышты. Парламенттин 14-февралдагы жалпы отурумунда депутат Шарапаткан Мажитова төрөттөн каза болгон келиндердин өлүмүнө күнөөлүү ооруканалардын жетекчилерине, дарыгерлерге катуу чара көрүлүшүн талап кылды. Эл өкүлүнүн айтымында, коомчулукка чыгып, билинип жаткан өлүмдөр көп, көмүскөдө калгандар андан эки эсе болушу мүмкүн. Мажитова 12-февралда 37 жаштагы келин төрөттөн каза болгонун мисал келтирип, артында тогуз баласы жетим калганын айтты. 

"Төрөттөн өлгөн энелердин саны боюнча Кыргызстан алдыңкы оорунда турат. Чуулгандуу өлүмдөр көп болуп жатат. Оорукананын жетекчилерине, күнөлүү дарыгерлерге катуу чара көрүлүшү керек".

2024-жылдын 14-январында Бишкекте эгиз бала төрөгөн келин көз жумса, 5-февралда кесарево операциясы учурунда дагы бирөө каза тапты.  Сегиз күн өтпөй Чүйдө төрөттөн кийин дагы бир аял каза болду. 

Аялдардын өлүмүнөн кийин коомчулукта дарыгерлерге болгон нааразычылык күчөдү. Саламаттык сактоо министрлиги Чүйдөгү келиндин өлүмүнө байланыштуу оорукананын башкы дарыгери кызматынан алынганын кабарлады. Жетекчинин дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым да иштен алынып, төрөт бөлүмүнүн жекетчиси убактылуу кызматынан четтетилген.

Милиция каза болгон келиндин өлүмү боюнча териштирүү иштерин баштаган.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей