БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болду
Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыккка президент Садыр Жапаров 24-октябрда кол койду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сатыевди Жогорку соттун жамаатына тааныштырды.
Кечээ, 23-октябрда Жогорку Кеңеш Медербек Сатыевдин талапкерлигин жактырган. Аны Жогорку соттун тарагасына 22-октябрда Судьялар кеңеши сунуштаган.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы 9-октябрда маалым болгон. Парламент аны жумуштан бошотууну 10-октябрда колдоп берген. 11-октябрда президент Садыр Жапаров кызматтан алган.
Медербек Сатыев 50 жашта. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаменти бөлүмүнөн баштаган. 2020-жылы октябрь айында президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, бир жылдан кийин президенттик администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары болгон.
Сатыев 2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду актаган соттук коллегиянын мүчөсү болгон.
Мыйзамга ылайык, бул кызматка талапкерди Судьялар кеңеши сунуштап, Жогорку Кеңеш макулдук бергенден кийин президент беш жылдык мөөнөткө дайындайт. Төрага Жогорку соттун судьяларынын ичинен тандалат.
Автор: Осмонова Айдана > 792 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat