БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Медиа платформа төрт журналисттке чыккан өкүмдү карап чыгууга чакырды

Медиа платформа төрт журналисттке чыккан өкүмдү карап чыгууга чакырды

Сүрөт: Максат Боромбаев/tmedia.kg

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы Бишкек шаардык соттун Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаров боюнча чыгарган өкүмүн кайра карап, аларды жокко чыгарууга чакырды

Аталган уюм төрт журналистке чыккан өкүмдү куугунтук катары баалап, Кыргызстандагы көз карандысыз журналистикага карата репрессиянын ачык далили экендигин белгилеген. 

"Кылмыш жоопкерчилигине тартылып, адилетсиз соттолгон иликтөөчү журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгү мамлекетке коррупцияга каршы күрөшүүдө жардам берүүгө багытталган. Алардын көз карандысыз иликтөөлөрү кызматтык абалынан кыянаттык менен, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана мыйзамдарды бузуу фактыларын ачыкка чыгарууда. Журналисттер өз ишин аткаруу менен коомдук кызыкчылыктарды, жарандардын маалымат алуу укугун жана бийликтин ачык-айкындуулук менен отчёттуулук принциптерин коргоп келишкен".

10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту   "Temirov Live"жана "Айт, айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыраткан.

Мындан тышкары "Алга Медианы" иштетип жаткан Актилек Капаров жана "Temirov Live" редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева коюлган айыптар боюнча күнөөлү деп табылып, үч жылга пробациялык көзөмөл менен бошотулган.

Андан башка жети журналистке карата козголгон иштерде кылмыштын курамы жок деген негизде акталышкан. Алар "Temirov Live" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев, Сапарбек Акунбеков, журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевдер.

Журналисттердин жапырт кармалышы

Быйыл 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров Live" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин камакка алган.

ИИМ журналисттерге "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Кийин "Темиров Live" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев, Сапарбек Акунбеков да эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Ал эми 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту  журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган.

26-сентябрдагы соттук отурумда прокурорлор менен адвокаттардын жана айыпталуучулардын жарыш сөзү болуп бүткөн. Анда мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сураган.

Журналисттер эч кимди массалык башаламандыкка үндөбөгөнүн, аларды кармоо учурунда укуктары бузулганын, алар болгону  кесиптик ишмердиги менен алектенип келишкенин айтышкан. Ал эми айыпталуучулардын адвокаттары журналисттерге коюлуп жаткан айыптар тергөөдө жана сотто аныкталбаганын, кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарга жасалган экспертизалардын корутундулары туура эмес экенин маалымдаган.

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала