БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Мээрим Жуманазарова

Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова Олимпиадада алгачкы күмүш медалын утту. Муну менен Кыргызстандын куржунуна экинчи медаль түштү.

 Жуманазарова кыз келиндер күрөшү боюнча финалда америкалык Эмит Элор менен беттешип, 3:0 эсебинде утулуп калды. 

Кыргыз балбаны 68 килограммга чейинки салмакта күрөштү. Ал Олимпиададагы алгачкы беттеште монголиялык балбан кызды, чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 8:6 эсеби менен уткан. Жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсебинде жеңип, финалга чыккан. 

25 жаштагы Жуманазарова Токиодогу Олимп оюндарында коло байге тагынган. Дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону. 

Олимпиадада Жоламан Шаршенбеков да грек-рим күрөшүнөн коло медаль тагынды. Ал эми Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жарым финалга өтпөй калышкан. Алар жубатуучу беттеште коло үчүн күрөшмөй болду. 

Учурда Парижде Олимп оюндары өтүүдө. Ага Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Алардын ичинен төрт спортчунун мелдештери бүтүп өлкөгө кайтып келген. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей