БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрлик: «Мекен-картты» 38 жаран алды

Министрлик: «Мекен-картты» 38 жаран алды

Интернеттен алынды

«Мекен-картты» сегиз өлкөдөн 38 жаран алган. Алар Орусия, Германия, Корея, Бельгия, Түркия, Австрия, Түркмөнстан жана Катардын жарандары. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова 18-декабрда брифингде билдирди.

 

«Мекен картка» кабыл алуу быйыл 13-марта башталган. Бул статус мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет.

«Мекен карт» алган кыргызстандыктарга «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» деген макам берилет. Алар төмөнкүдөй укукка ээ болот:

1. Кыргызстандын аймагына виза тариздебестен кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү, орун которуу;

2. Жашап турууга уруксат тариздебестен, өлкөдө туруктуу жашоо;

3. Эмгек визасын тариздебей жана иштөөгө уруксаты жок Кыргызстандын жарандары үчүн бекитилген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө же башка эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүү;

4. Саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү төлөнүүчү кызматтарды Кыргызстандын жарандары менен бирдей шартта төлөө;

5. Жер тилкесине укук пайда болгон күндөн тартып он жылдын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди ээликтен ажыратып берүү;

6. Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын өткөн учурдан тартып 90 (токсон) жумушчу күндүн ичинде болгон жери боюнча каттоо мүмкүнчүлүгү.

Жогоруда көрсөтүлгөн статусту ыйгаруу менен "Мекен-карт" документи берилет, анын жарактуу мөөнөтү 10 жыл. Документ Кыргызстан менен чектешкен Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын,Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.

Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзамга 2020-жылы кол коюлган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей