БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мектепке мыйзамсыз акча чогулткандарга 60 миң сомго чейин айып салуу сунушталды

Мектепке мыйзамсыз акча чогулткандарга 60 миң сомго чейин айып салуу сунушталды

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандагы мектептерде ата-энелерден же окуучулардан акча чогултулган учурда 20 миңден 60 миңге чейин айып салуу каралаган мыйзам долбоору сунушталды. Документтин демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева.

Сунушталган мыйзамда 1-11-класстарга чейин окутулган мектептерде коомдук фонддорду түзгөндөр, акчаны мыйзамсыз чогулткандар Укук бузуулар кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылышы керектиги жазылган. Эгер, акча чогултуу аныкталса жеке жактарга - 20 миң, коомдук фонд ачкандарга - 40 миң, юридикалык жактарга – 60 миң сом айып пул салуу каралууда.

Депутат мыйзамды сунуштоого президенттин жарлыгына карабай мектептерде акча чогултуу уланып жатканы себеп болгонун белгилеген.

"Ата-энелер көпчүлүк учурда бала үчүн акча бербей койгондуктан окуучуга мугалимдер тарабынан терс мамиле болуп калышынан коркушат. Тилекке каршы, мектепке акчалай жардам берүү керек деген ата-энелер да жок эмес. Бирок баарынын каржылык мүмкүнчүлүгү бирдей эмес. Айрым учурда мектепте бир үйдөн үчтөн же төрттөн окуган окуучулар кездешет. Ал эми мектептердин алдында түзүлгөн фонддор мындан 20-25 жыл мурун эгемендиктин алгачкы жылдары оор кризистен сактап калган. Бирок азыркы учурда андайларды түзүүнүн зарылчылыгы жок". 

2023-жылы 26-майда президент Садыр Жапаров өлкөдөгү мектептерде мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей