БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мектепте өспүрүмдү сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалды

Мектепте өспүрүмдү сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалды

Сүрөт видеодон кыркып алынды

Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул окуя социалдык тармакка тараган.

Анда мектептердин биринде шектүү жаш баланы уруп, тээп жатканын көрүүгө болот.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы окуя 12-апрелде болгонун, шектүүгө "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. Бул көрүнүш Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги мектептердин биринде болгон. Ошол эле күнү милицияга баланын апасы кайрылган. 

Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына кармалды.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей