БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мектептеги тамак-аш акысы эки эсе көбөйдү

Мектептеги тамак-аш акысы эки эсе көбөйдү

Интернеттен алынды

Эми Кыргызстанда  кенже класстарда билим алган  ар бир окуучунун тамагына күнүнө 14 сомдон бөлүнөт. Тиешелүү токтомго министлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Башталгыч класста окуган балдарга мектепте бир маал тамак берүү үчүн буга чейин мамлекеттен күнүнө 7 сомдон бөлүнүп келген. Аны 14 сомго көтөрүү маселеси былтыр декабрда парламентте талкууланган. Бул каражат аз экенин бир катар депутаттар сындап, 20 сомго чыгарууну сунушташкан. Экономика министринин орун басары Жибек Дүйшеева 2025-жылы 19 сомго көтөрүү пландалып жатканын билдирген.

Мектептерде окуучуларга 2006-жылдан баштап тамак-аш берилип келет. Бул багытта өкмөткө эл аралык уюмдар да жардамдашат. Окуучуларга шашкеде негизинен ысык чай менен токоч, айрым мектептерде тамак берилет.

2022-жылдын февралындагы расмий маалыматта кенже класстардын тамагына бөлүнгөн бир жылдык каражат 1,6 миллиард сом экени айтылган.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей