БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мектептер "Лалафодо" мугалим издеп жатабы?

Мектептер "Лалафодо" мугалим издеп жатабы?

коллаж

"Мектептерге мугалимдер керек. Тажрыйбасы маанилүү эмес".

"Лалафо" тиркемесине ушул өңдүү жарыялар жүктөлүп жатат. Арасынан мамлекеттик мектептерге мугалим издегендерди да табууга болот. 

Булар негизинен "орус тили, физика, информатика, башталгыч класс мугалими керек" деген жарыялар. Өлкөдө мугалим таштыштыгы ушунчалык курч болуп турабы? Жаңы окуу жылынын башталганына 20 күн болду. Бул аралыкта кайсы сабактар мугалими жок окутулуп жатат? Айтып беребиз.

Биз "Лалафо" тиркемесиндеги жарыялардын арасында бир жылдан аз тажрыйбасы бар мугалимдерди жумушка чакырган номерге байланышып көрдүк. Алар дагы эле издеп жатыптыр. Биз тажрыйбабыз жок экенин айтканыбызда, адис тартыштыгынан ал азыр маанилүү эмес экенин билдиришти. Ал мектеп информатика мугалимине 14 миң сом маяна сунуштады. 

"Биз тажрыйбасы болушун каалаганбыз. Бирок азыр такыр адис жок болуп жатат. Маянасы тажрыйбага байланыштуу болот да. 18 саат ставка болот. Билимиңиз бакалавр болсо, 14 400 сом болот". 

Негизи бул жарыялардын дээрлик баары Бишкек шаарындагы мектеп, лицейлерге мугалим издеп жарыяланган. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда анын ичинде борбор калаада чындыгында эле мугалим тартыш болуп жатканын билдирди. Жалпы өлкөдө миңге чукул, Бишкекте 400дөй мугалим жетишпейт. Азыр борбор калаада басымдуу орус тилдүү мектептерге башталгыч класс мугалими, андан сырткары математика, физика, химиядан сабак берген адистер тартыш. Бул боштукту толтуруу үчүн 25-сентябрга чейин Орусиядан мугалимдердин келиши күтүлүп жатат. 

"Быйыл ЖОЖдордон да бүтүп келишти. Алар жумушка кабыл алынат. Орусиядан орус тилдүү 135 мугалим келгени жатат. Ошолордун баары келгенден кийин канча мугалим жетишпегенин так айта алабыз. Кээ бир мектептер министрликтин сайтында, өздөрүнүн сайтында, "Лалафодо" жарыя кылып жатышат. Негизи мугалимдин тажрыйбасы талап кылынбайт да. Жогорку жана атайын орто билими бар, ага ылайык саат бар адистер жумушка алына берет" - Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы. 

Окуу жылынын башында Бишкекте жалпы 493, Чүйдө 292, Баткенде 137, Жалал-абадда 110, Ысык-Көлдө 115, Ошто 58, Таласта 71, Ош шаарында 42, Нарында  17 мугалим жетишсиз экени айтылган. 

Жыйынтык: Мектептер "Лалафодон" мугалим издеп жатышканы чын. Азыр билим уяларында сабак бергенге адистер жетишсиз бойдон калууда. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей