БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Мектептерде мобилдик телефон колдонууга чектөө киргизүү сунушталды

Мектептерде мобилдик телефон колдонууга чектөө киргизүү сунушталды

Сүрөт интернеттен алынды

Билим берүү министрлиги жалпы жана кесиптик билим берүү мекемелеринде мобилдик аппараттарды колдонуу тартибин иштеп чыгып, 29-ноябрда коомдук талкууга койду. 

Сунуш боюнча, окуучулар жана кызматкерлер мектепке киргенде телефондорунун добушун өчүрүп, сабак учурунда толугу менен өчүрүп, атайын кутучага салышы керек. Мобилдик аппараттарды атайын сабактарда, өзгөчө кырдаалдарда гана колдонууга уруксат берилет.

Телефон аркылуу сүрөт, видео тартууга жана мектептин электр тармагына туташтырууга тыюу салынат. Талаптарды бузгандарга эскертүү берилип, ата-энелери чакыртылат.

Министрлик мындай чара окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мобилдик телефондун терс таасирин азайтуу максатын көздөөрүн белгиледи. 

Учурда Кыргызстанда 2350 мектепте 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. 74 миң мугалим эмгектенет. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала