БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мэрлердин укугу кеңейет, аларды президент дайындайт

Мэрлердин укугу кеңейет, аларды президент дайындайт

Сүрөт: kloop.kg

Ош жана Бишкек шаарларынын депутаттары эми мэрлерди иштен алууга ишенбөөчүлүк көрсөтө албай калышы мүмкүн. Калаа башчылары аларга отчет да бербей калат жана быйыл шаардык кенеш мэриянын 2024-жылдагы бюджетин да бекитпейт. Депутаттар анда эмне жумуш кылат? Алдыда тизмектейбиз.

Министрлер кабинети Ош жана Бишкек шаардык кеңешинин  депутаттарынын ыйгарым укуктарын бир кыйла азайтып, шаар мэрлеринин укугун кеңейтүүчү мыйзам долбоорун сунуштап чыкты. Документ Жогорку Кеңешке келип түштү. 

Эмнелер сунушталып жатат? 

Мыйзам долбоорго ылайык, Ош менен Бишкектин мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлабайт. Жада калса фракциялар талапкер сунуштоо укугунан да ажырап жатат. Эки шаардын башчысын президент өзү дайындайт жана ал кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен тандалат. 

Шаардык кеңештин депутаттары калаанын бюджетин бекитүү жана көзөмөлдөө, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, мэрге, вице-мэрлерге, муниципалдык уюмдардын жетекчилеринин ишине баа берүү укугунан да ажырайт. Аларга ишенбөөчүлүк да көрсөтө албай калышы мүмкүн. 

Ошол эле учурда алардын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана шаардык транспорттордун тарифтерин бекитүү ыйгарым укуктары калтырылат. Мындан тышкары аймактык түзүлүштүн тартибин бекитүү, администрациялык райондордун аталыштарын өзгөртүү, алардын чек араларын белгилөө, көрктөндүрүү, соода жүргүзүү, тышкы жарнакты жана маалыматты жайгаштыруу эрежелерин, үй жаныбарларын кармоо жана малды шаардын ичинде жаюунун эрежелерин бекитүү укуктары да сакталып калат. 

Азыркы колдонулуп жаткан мыйзамда кандай?

"Ош жана Бишкек шаарларынын статусу жөнүндө" мыйзамынын 15-беренесинде шаардык кенештин компетенциялары жазылган. Анда депутаттардын чечимдерин талаптагыдай аткарбаган учурда мэрге, анын орун басарларына муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине, судьяларга, прокурорлорго, коопсуздук, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин аймактагы бөлүмдөрүнүн жетекчилерине ишенбөөчүлүк көрсөтүү укугу жазылган. Мындан тышкары кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди да шаардык кеңеш бекитип берет. 

Эгерде жетекчилер өз милдеттерин, шаардык кеңештин чечимдерин аткарбаса же талаптагыдай жасабаса, шаардык кеңеш ишеним көрсөтүлбөгөн учурда, прокуратура 10 жумушчу күндүн ичинде аны кызматынан бошотуу же шаардык кеңештин чечими менен макул эместиги жөнүндө чечим кабыл алат. Депутаттар 3 айдын ичинде мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алчу болсо, прокуратура аны токтоосуз түрдө кызмат ордунан бошотот.

Вице-мэрге, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине кайталап ишеним көрсөтпөө билдирилген учурда, мэр аларды токтоосуз түрдө кызматынан кетирет.

Ош жана Бишкек шаарларынын депутаттарынын ыйгарым укуктарын азайтуу боюнча мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жактырылды. Эми маселе ушул жума Жогорку Кеңеште каралат. 

Сиз кандай ойлойсуз? Эң маанилүү функциялардын мэрге берилип, шаардык кеңештин депутаттарынын укугунун азайышына пикириңиз кандай? 

Автор: Т-Медиа > 355 статей