БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Милиция алдамчылыкка шектелгендер кармалганын билдирди

Милиция алдамчылыкка шектелгендер кармалганын билдирди

ИИМ тараткан сүрөт

Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын маалыматына ылайык, былтыр 21-июнунда аларга Т.И. аттуу жабырлануучу кайрылган. Арызда Ө.Б. жана Ш.Т. атуу жарандар андан "аймактардын биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар" деп 50 миң доллар алышкан. Андан соң жүргөн жерин жашырып кетишкен. 

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду. 

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 32 жаштагы Ө.Б. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда. 

Социалдык тармактын колдонуучулары кармалган Ө.Б аттуу адам Бекзат Өмүрбеков экенин жазышууда. Ал интернетте азыркы бийликти активдүү колдоп жүргөндөрдүн бири.

Автор: Т-Медиа > 354 статей