БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бишкек: милиция Ардак кароолго туруп алган эки аялды издеп жатат

Бишкек: милиция Ардак кароолго туруп алган эки аялды издеп жатат

Видеодон скриншот

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы Ардак кароолго туруп алган аялдардын видеосу боюнча териштирүү башталды. Бул тууралуу 22-октябрда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы “Т-Медиага” билдирди. 

Социалдык тармакта борбордук аянттагы тууну кайтарган жоокерлердин ордуна эки аял туруп алган видео тарап жатат. Милиция окуяны каттоого алып, жарандардын өздүгүн тактоо иштерин жүргүзүүдө. 

Ардак кароолдогу желекти Улуттук Гвардиянын жоокерлери эрте менен саат 08:00дөн кечки 19:00гө чейин кайтарышат. Андан кийин аймактагы милиция бөлүмү көзөмөлгө алып турат. Улуттук Гвардия талкууга алынган окуя жоокерлер кеткенден кийин, түнкү учурда болгон деп божомолдоп жатат.  

«Ал жайга жөнөкөй жарандар киргенге болбойт. Алар турсун милициялардын өздөрү киргенге да болбойт. Бул боюнча азыр укук коргоо кызматкерлери иш алып барууа. Аялдардын өздүгүн тактап, сөзсүз түрдө чаралар көрүлөт. Административдик айып пул салынат» , - дейт мекеме. 

Интернетте окуя кызуу талкууланып, терс сындар айтылууда.

Автор: Асилбек Тагайбек уулу

Автор: Анарбаева Наргиза > 157 статей