БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Милиция Бишкекте аялын сабады делген кишини кармады

Милиция Бишкекте аялын сабады делген кишини кармады

Коллаж Т-Медиа

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунун 28 жаштагы тургуну аялын сабоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 24-апрелде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады. 

Мекеме тараткан маалыматка карганда, аталган айылдын тургуну Б.Л. аттуу аял милицияга арыз менен кайрылган. Ал жолдошу К.Т. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Арызда 21-апрель күнү аны күйөөсү үйүнүн короосунда жүрүп, денесине эч себепсиз залал келтиргени айтылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш ишин козголду.

 "Милиция кызматкерлери тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган К.Т. аттуу жаран аныктап, кармаган",-деп айтылат маалыматта.

Бир нече күн алдын социалдык тармактарда аталган окуянын видеосу тараган. Анда эркек киши бир үйдүн короосунда аялды автоунааны айлантып кууп, колунда кандайдыр бир нерсе менен чапканы, соңунда кармап, сабап жаткан жери тартылып калган. Ошондой эле тасмада аялды сабаган кишинин,  сабалган келиндин денесинин жана автоунаанын сүрөтү да жарыяланган. 

Борбор калаанын милициясы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды жана күбө болгон адамдарды жакынкы милиция кызматкерине же 102 кыска телефону аркылуу тез арада кабарлап коюуга чакырат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча 2958 укук бузуу катталган. Жыл ичинде 317 аял, 24 бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, буга байланыштуу 378 кылмыш иши козголгон. Ички иштер органдары тарабынан зомбулуктан жабыр тарткандарга 11 миң 357 коргоо ордери берилген. Анын ичинен 1033ү аялдарга, 198 балдарга, 126 эркектерге.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей