БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Милиция күйөөсү тарабынан бычакталды делген келин боюнча маалымат берди

Милиция күйөөсү тарабынан бычакталды делген келин боюнча маалымат берди

Интернеттен алынды

"Жолдошу бычактап ооруканага түштү" делген келин боюнча Баткен облустук милициясы 7-январда маалымат таратты. 

Учурда аялдын абалы туруктуу орто деп бааланууда. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө өзүнө-өзү кол салганын, эч кимге арыз-доосу жок экенин билдирген.  

Милицияга маалымат 2024-жылдын 31-декабарь күнү түшкөн. Ал күнү Суу-Башы айыл аймагынын тургуну, 31 жаштагы келин Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө денесинен жараат алып түшкөн.

Бул факт Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып кароо жүргүзүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Сурак учурунда жабырлануучунун күйөөсү 30-декабрь күнү аялы менен пикир келишпестиктен уруша кеткенин айткан.  

Милиция азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. 

Буга чейин блогер Батмакан Жолболдуева "Фейсбуктагы" баракчасына дарыгер келинди жолдошу бычактап салганын жазып чыккан. Ал күйөөсүнө чара көрүүнү талап кылган. 

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала