БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Милиция: наристеге "сыра ичирем" деп коркуткан келин кармалды

Милиция: наристеге "сыра ичирем" деп коркуткан келин кармалды

Ош шаардык милициясы тараткан сүрөт

Ош шаардык милициясы "Тик-Ток" социалдык түйүндө өз баласынын өмүрүнө коркунуч жаратып сүйлөгөн келин кармалганын кабарлады.

Мекеменин 20-февралда берген маалыматына ылайык, келин 29 жашта, Сүлүктүдөн болот. Ал Ошко 17-февраль күнү келген. Келин өзүнүн түз эфир аркылуу кызына карата жасаган мамилесин "хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн жасагам" деп түшүндүргөн. Милиция келиндин кыймыл-аракетине юридикалык баа берүү үчүн ишти Тергөө кызматына өткөрүп берген.

19-февралда "Тик-Ток" социалдык тармагында азык-түлүк алууга чамасы жетпей жатканын айткан аялдын видеосу тараган. Түз эфир учурунда ал эгерде катталуучулар анын жеке эсебине акча салбаса, колундагы наристесине сыра ичире турганын айткан. Интернет колдонуучулар наристе коркунучта экенин жазып, чара көрүү керектигин белгилешкен.

Автор: Т-Медиа > 355 статей