БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Милицияны сүрөт-видеого тартканга тыюу салган мыйзам долбоору өтпөй калды
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сүрөт, видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өтпөй калды. Документ парламенттин 19-декабрдагы жыйынында экини окууда карашты.
Мыйзам долбоорун жыйынга катышкан 80 депутаттын 44ү колдоду. Алты эл өкүлү - Чыңгыз Айдарбеков, Жанар Акаев, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Бактыяр Калпаев жана Айсулуу Мамашова "каршы" болду.
Буга чейин, парламенттин 30-октябрдагы жыйынында депутаттар мыйзам долбоорун сынга алып, артка кайтырышкан. 28-ноябрда Жогорку Кеңешке кайра киргизилип, биринчи окуудан өткөн. Документти депутат Сүйүн Өмүрзаков иштеп чыккан. Анда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө, алардын ишине кийлигишүү жана дискредитациялоо максатында тартылган видеолор үчүн беш миң сом айып пул же беш суткадан жети суткага чейин камакка алуу жазасы каралган.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat