БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Миллиондор сарпталса да, салынып бүтпөгөн мектеп. Депутаттын изи

Миллиондор сарпталса да, салынып бүтпөгөн мектеп. Депутаттын изи

Сүрөт: t-media

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Дөң-Талаа айылында быйыл сентябрда жаңы мектеп пайдаланууга берилиши керек эле. Бирок 2019-жылы башталган курулуш азыркы күнгө чейин аяктай элек. Аймактагы окуучулар 58 жыл мурун курулуп, эскилиги жетип калган Иманбек Текеев атындагы мектепте билим алууда. 

Сүрөт: "Т-Медиа"

Жаңы имаратка кирүү үчүн мектептин, анын жанындагы спорт залдын да курулушу бүтүшү керек. Себеби билим уясынын жылытуучу жайы сметага кирбей калып, спортзал менен бирге курула турган болгон. Спорттук зал октябрда, мектеп сентябрда тапшырылышы керек болчу. Жергиликтүү калк убагында курулушу бүтпөгөн бул имараттардын сапатына азыртан чоочулап турат.

"Жылытуучу жайдын үстү жабыла элек, дубалы курулуп бүткөн жок. Жердин баары азыр суу болуп турат. Бул мештен чыккан. Анткени сууну коюшкан дагы сыноодон өткөрүп отту жаккан. Ошондо бул жерди тепкен. Тиешелүү органдарга билдиргенбиз. Актысын түзүп кетишкен. Бул жакта болсо тепкичтин алды азыртан эле 30-50 см ачылып калды. Фундаментке дагы бекитилген эмес. Бул үстүнө чыкканда эле кулап түшөт да. Бул жерде болсо латоктун үстүнө фанераны коюп эле үстүнө топурактан төгүп, бетин эле цементтеп коюшкан", - дейт айылдык кеңештин депутаты Элдияр Үсөнов. 

Тендер өткөрүлгөн, мектеп салынган жок  

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка таянсак, алгач Ысык-Көл өнүктүрүү фонду спорт залды куруу үчүн тендер өткөргөн. 2019-жылы май айында жарыяланган сынакка жети компания катышып, эң төмөн бааны, тагыраагы 13 млн 149 миң сом сунуштаган "ДомСтройГрупп" компаниясы утуп алган.

Ошол эле жылы сентябрда 150 орундуу мектеп курууга тендер өткөн. Ага катышкан беш компаниянын ичинен 32 млн 641 миң сом сунуштаган "Эрбол строй сервис" компаниясы уткан. Калгандары талапка жооп бербейт деп конкурстан четтетилген.

Эң кызыгы, бул эки компаниянын тең жетекчиси бир. Алар Ош шаардык кеңешинин депутаты Айгүл Салиевага катталган. Салиева өзү имараттын ичин куруп бүтүргөнүн айтууда. Ал эми сыртындагы калган жумушту аяктап, жылытуучу жайды да сыноодон өткөрүп, курулушту он күндүн ичинде тапшырарын билдирди. 

"Спорт залга акча кеч которулуп, курулуш кеч башталып калды. Тепкичти деле жергиликтүү эле балдар куйган болчу. Кайра аларды чакыртып келип, башкадан куйдуртуп жатам. Жылытуучу жай да бүткөн. Сметада кичинекей котел каралган экен. Анын суммасы да аз болчу. Бирок мектеп менен сорт залды жылыта албайт эле. Ошон үчүн чоң котел алып келип койгом", - дейт Салиева. 

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду курулуш убагында бүтпөгөнү үчүн "ДомСтройГрупп" компаниясын сотко берген. Мекеменин техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башысы Аида Кыдыралиеванын айтымында, алар курулуш жүргөн жайга кире алган эмес. 

"Акыркы жолу байланышканыбызда спорт залды бекитип коюп, ачкычын алып кеткенин айтты. "Эмне жумуш бүткөнүн сүрөт менен салып кой" десек да реакция болгон жок", - дейт ал.

Мамлекеттик курулуш агенттиги болсо жыл аягына чейин кемчиликтерди оңдотуп, имаратты кабыл алууну пландап жатат. Мекеменин жетекчиси Нурдан Орунтаев буларды айтты: 

"Сметаны мурунтан кабыл алып койгон экенбиз. Бул биздин кемчилигибиз. Эми кабыл алуу учурунда кемчиликтерди көрсөтүп, оңдоого талап койгонго укугубуз бар. Анын баарын биз оңдотобуз"

"Мамлекеттик кызматкер тендерге катыша албайт"

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга ылайык, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тендерге катыша албайт. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаты саясий-муниципалдык кызматкерге кирет.  Тиешелүү мыйзам кызыкчылыктар кагылышын болтурбоо үчүн кабыл алынган.

Бирок юрист Марат Юсупов жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн аймагынан башка шаарда таасир эте албашын эске алганда, мындай тендерге катышууга мыйзам жол берет деп түшүндүрдү.

"Шаардык кеңештин депутаттартары аффирленген тарап болуп калат. Башкача айткан чечим кабыл алууга таасир эткенге мүмкүнчүлүгү бар. Бирок башка шаарларга алар таасир эте албайт да", - дейт Юсупов.

Депутаттык кресло, мыйзамсыз курулуш, аба майдандын ураган чатыры

Айгүл Салиева 2016-жылы Ош шаардык кеңешине КСДП партиясынан депутат болуп шайланган. 2021-жылы шайлоого "Бир бол" партиясынан талапкерлигин коюп, кайрадан депутаттыкка тандалып келген

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, Айгүл Салиеванын наамына ушул эки компания катталган. "ДомСтройГрупп" 2019-жылы февралда, "Эрбол строй сервис" ЖЧКсы 2018-жылы февралда кайра каттоодон өткөн. Экөө тең башка топторго кирбеген курулуш-монтаждоо жумуштары менен алектенет.

2020-жылы "Азаттыктын" депутат болуп туруп ири тендерлерге катышкан талапкерлер тууралуу макаласында Айгүл Салиеванын да аты аталган. Анын жетекчилигиндеги "Эрбол строй сервис" 2019-жылы Түптөгү спорт залды курууга 21,3 млн сомдук тендерди, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн имаратын курууга 9,6 млн сомдук тендерди уткан. 

2021-жылы Мамкурулуштун Оштогу башкармасы аныктаган 10 мыйзамсыз курулуштун арасында "Эрбол строй сервистин" да аты аталган. 

2022-жылы ОшТВ сайтынын журналисттери "Ош" аба майданынын чатыры урап калгандан кийин андагы реконструкцияга катышкан тендерлердин арасынан да Айгүл Салиеванын байланышын аташкан. Анда 2017-2018-жылдары аэропортту оңдоого катышкандардын арасында Салиева мурда жетекчилик кылган "Элит-Строй-Сити" компаниясы болгону маалымдалат. Аны 2018-жылдын август айынан бери Оморов Канатбек Абдильмаматович аттуу жаран жетектеп турган. Компаниянын негиздөөчүсү катары Мурзалы Салиев көрсөтүлгөн.

Айгүл Салиева журналисттерге Оморов Канатбек жакын иниси экенин тастыктап берген. 

Автор: Т-Медиа > 353 статей