БАШКЫ БЕТ > Фактчек

Миллиондорду чапчыган тазалык. Бөбөктөргө чогултулган акча кайда?

Миллиондорду чапчыган тазалык. Бөбөктөргө чогултулган акча кайда?

"Т-Медианын" коллажы

Ош шаарындагы бала бакчаларга жууп тазалоочу каражаттарды сатып алууга шаардык бюджеттен миллиондогон сумма бөлүнө баштады. Бирок ушул эле керектөөлөргө ата-энелерден ай сайын миллиондогон акча чогултуу уланып жатат. 

Эмне үчүн ата-энелер каражатты өз чөнтөгүнөн чыгарууда? Бул тууралуу мыйзамда кандай жазылган? Шаар боюнча канча наристе бала бакчага барат? T-Media ушул жана башка суроолорго биз жооп издеди. 

22-февралда Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бала бакчаларга быйылкы жылга жууп тазалоочу каражаттарды жана чарбалык буюмдарды сатып алуу үчүн 6 млн 271 миң сомго тендер жарыялады. 

Белгилей кетсек, гигиеналык каражаттарга деп ата-энелерден да  айына 100 сомдон жыйналат. Шаар боюнча 50 бала бакчада 15 миң 66 бала тарбияланса, ай сайын 100 сомдон чогултканда эле жалпы сумма 1.5 млн сомду чапчып атпайбы? Биз мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган тендерди изилдедик. 

"Миллиондорду чапчыган тазалык"

Бул тендерде Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жалпысынан  үч лот жарыялаган. Анын экөө 2024-жылга карата бала бакчаларга керектелүүчү жана жууп тазалоочу буюмдарды сатып алууга коюлган. Мекеме ага жалпысынан 2 млн 491 миң 980 сом коротмок болууда. 

 

Башкармалык аталган каражаттын 1 млн 784 миң 980 сомуна 700 даана желим кол кап, 2100 рулон желим баштык, даараткана тазалоочу "Утенок" аттуу каражаттан 1400 даана, 1400 даана айна, 1750 тамак-аш соодасы, 664 агартуучу каражат, кир жуучу машинаны тазалоочу каражаттан 100 даана, 3500 кир самын, 1050 идиш жуучу каражат, 1750 таңгак даарат кагазы, 2100 таңгак кагаз кол аарчы, идиш жуучу губкадан 700, айнек арчыганга 700 даана майлык алууну пландап жатат.

 

Ал эми калган 707 миң сомго балдардын колун жууганы суюк кол самындан 350нү жана дагы кийим-кече жууганга 350 айна алууну көздөшкөн. 

 

Мындан тышкары, тендерде 2023-24-жылга карата бала бакчаларга чарба буюмдарын сатып алуу үчүн 3 млн 779 миң сом сарпталары көрсөтүлгөн. Ага башкармалык бычак, шыпыргы, чака, шланг, тырмооч, араба, смеситель, сугат шланг, чайнек, үтүктөрдү тазалоочу шаймандар, диаэлектрдик килем жана "Снегурочка" аталышындагы кагаз сатып алат. 

Эми ушул жерде суроо жаралат. Гигиеналык каражаттарга деп ар бир ата-энеден айына алынган 100 сом каякка иштелип жатат?

"Ата-энелерден каражат жыйноо токтотулган"

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы гигиеналык каражаттарга ата-энелерден акча чогултулбашы керектигин айтууда. Себеби мекеме былтыр декабрдан баштап өз бюджетине жууп тазалоочу каражаттарды алып бере баштаган. Башкармалыктын башкы эсепчиси Темир Турдуевдин билдиришинче, мурун тамак-ашка 800 сом, ага кошумча күзөтчү менен гигиеналык жана чарбалык каражаттарга деп 150 сомдон жыйналчу. Мэрия ата-энелерден акча топтолбосун деген жарлыкты аткарыш үчүн казынасынан 6 млн сомдон ашык каражат бөлүп берген. 

"Азыр бул маселе чечилип, ай сайын күзөтчү менен гигиеналык каражтка топтобош керек. Акча топтобогула деп ата-энелердин группаларына жазып атабыз. Эгерде ушундай окуялар болсо кабар бериңиздер, биз сөзсүз чара көрөбүз. Январдан баштап чогулбаш керек. бул боюнча ата-энелер бизге кайрылса болот". 

Деген менен айрым ата-энелер бала бакчаларда күзөтчүгө жана гигиеналык каражаттарга деп ай сайын 100, 200 сомдон чогултуу  уланып жатканын "Т-Медиага" айтышты. 

"Февралга 1000 сом төлөдүм. Анын 800 сомун тамак-ашка, 200ү күзөтчү менен гигиеналык каражаттарга деп бердим". 

"Январь, февралда жууп тазалоочу каражаттарга деп 200 сомдон топтоп бердик. Токтогон жок, алып эле атышат". 

Бирок калаадагы айрым бала бакчалардын жетекчилери акча жыйноону былтыр жайда эле токтотушканын айтууда. №46 "Келечек" балдар бакчасынын жетекчиси Гүлзат Шарипова президенттин 2023-жылда акча топтобоо боюнча чыккан жарлыгынын негизинде Билим берүү министрлигинин 2023-жылдын 1-июлунда буйругу жарыяланганын айтты. Андан соң  Ош шаардык билим берүү башкармалыгы да тиешелүү токтом чыгарганын белгилейт. 

"Биз бала бакчада чогулуш өткөрүп, ар бир тарбиячыны кол койдуруп, акча топтобоо боюнча  буйрук чыгарганбыз. Ата-энелер комитеттерине да чакырып түшүндүргөнбүз. Ага чейин күзөтчүгө, жууп тазалоочу каражаттарга деп 100 сомдон чогултулчу. Бир жума алдын эле (ред-27-февралда интервью берди) жыйын өткөргөнбүз. Кызматкерлер каражат топтобой калганын айтышкан. "Эгер, чогултуу болсо иш ордум каралат" деп ар бир тарбиячы кол коюп берген".  

"Мээрим" балдар бакчасынын жетекчиси Рахима Матраим кызы дагы жууп тазалоочу каражаттарга, күзөтчүгө деп акча жыйналбай калганын билдирди. 

 "Билим берүү башкармалыгы жок кылды. Менин бала бакчамда акча топтомой былтыр июлдан тарта токтогон. Менин укканым боюнча башка бакчаларда 200 сомдон кадимкидей чогултушат экен. Маселе чечилбей декабрга чейин топтоп турдук да. Ал эми мен  милдеттендирген жокмун. "Каалоочулар берсин,  кийлигишпейм" дегем". 

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис, ОшМУнун окутуучусу Марат Юсупов каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөнүнө карабай, кайра эле ата-энелерден топтолуп жатканын бала бакчаларда нормадан ашыкча бала кабыл алынышы менен байланыштырат. Ал бул кырдаалда күмөн санай турган нерселер көп дейт. 

"Мамлекет тарабынан эбегейсиз акча бөлүнүп атпайбы. 6 млн сомдон ашык экен. Кайрадан эле ата-энелерден акча топтолуп атканы туура эмес. Бул жерде адамдык фактор болушу мүмкүн. Себеп дегенде өзүңөр билесиңер тарбиячылардын айлыгы өтө аз болгондуктан, маянадан сырткары иштеп, алардын эле кызыкчылыгы болуп калышы мүмкүн. Ар бир бала бакчада паланча бала болуш керек деген план бар да. Бирок ал долбоордон ашыкча болуп атпайбы? Билим берүү башкармалыгы "бакчада мынча бала бар" деп эле план боюнча бөлүп берип коюшу мүмкүн. Чындыгында баланын саны андан да көп болсо андан да ашыкча муктаждык жаралышы мүмкүн. Ушул сыяктуу күмөн санай турган жагдайлар көп".

Жыйынтык: бала бакчаларда жууп тазалоочу каражаттарга ата-энелер ай сайын акча чогултууга  милдетүү эмес. Бул чыгымдар шаардык бюджеттин эсебинен жабылат. 

Автор: Т-Медиа > 392 макала