БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Министр Бейшеналиев: өлкөдө 2080 лицензиясы жок жеке менчик ишкана бар

Министр Бейшеналиев: өлкөдө 2080 лицензиясы жок жеке менчик ишкана бар

Сүрөт: Алымкадыр Бейшеналиев

Кыргызстанда лицензиясы жок 2080 жеке менчик санитардык, гигиеналык талаптарга жооп бербеген ишканалар бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министр маалыматты, 1-ноябрда Жогорку Кеңеште республикалык бюджет боюнча парламенттик угуу учурунда суроолорго жооп берип жатып айткан. Ал  талапка жооп бербеген жайлар текшерилбей жатканына ишкерлерди көзөмөлдөөгө мораторий бар болгону себеп экенин белгиледи. 

"Мен биринчи жолу министр болгондо аларды текшерип чыкканбыз. Айрымдарына айып салып, кээ бирлерин жапмакпыз. Бирок президенттин ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган буйругу бар. Ушундан улам Башкы прокуратура мындай текшерүүлөргө уруксат бербейт",-деген Бейшеналиев.

Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги өкмөттөн лицензиясы жок, талапка жооп бербеген ишканаларды текшерүү үчүн бир айга уруксат берип турууну сурап, кат жолдогон.

Эске салсак, быйыл январь айында президент Садыр Жапаров "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. 

Ал жарлыкка ылайык, 2024-жылдын 31-декабрына чейин кылмыш иши козголгон ишканалардан башка ишкердик субъектерди, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар текшербейт. Өлкө башчы мунун ишкерлерди мамлекет тараптан колдоо максатында болуп жаткандыгын билдирген. 

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала