БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министр мектептердин материалдык-техникалык базасы 12 жылдык окутууга даяр

Министр мектептердин материалдык-техникалык базасы 12 жылдык окутууга даяр

Сүрөт: Догдуркүл Кендирбаева

Бул тууралуу министр бүгүн, 26-мартта журналисттер менен болгон маалымат жыйында билдирди.

"Эгерде 2022-жылы 23 балага бир компьютер болсо, азыр 12 балага бир компьютер туура келет. Аймактарда дагы бардыгы бар. Бул боюнча карталар дагы бар. Акыркы эле бүткүл дүйнөлүк PISA сынагынан өтүш үчүн 1200 мектеп компьютер менен камсыз болду. Ошого жараша мугалимдер да даярдыктан өтүп жатат. Дүйнөлүк иликтөө системасында онлайн өтөт, ар бир балага мүмкүнчүлүк бар. Ар бир мугалимге нотубук алып берүү алдында турабыз. Муну менен санариптик электрондук окуу китептерден баштап, тесттик баалоолор, санариптик билим кампасы түзүлөт. Жасалма интеллект аркылуу мугалим тынымсыз пайдаланат, бюрократиялык көзөмөлдөн кетип, балага багытталган саясат жүргүзүлөт",-деди Догдуркүл Кендирбаева.

15-мартта Министрлер кабинети мектептерди этап-этабы менен 12 жылдык окууга өткөрүү камтылган "Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө" токтомду жактырган.  

Буга чейин президент Садыр Жапаров билим берүүдөгү реформалар ишке ашпай келгенин айтып, жаңы программа мамлекеттин келечегин аныктай тургандай болушу керектигин айткан. Бул реформага ылайык, 5-6 жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. Учурда мектептерде мектепке чейинки даярдоо үчүн 4048ден ашык класс уюштурулулган. 

Өлкөнүн мектептерине 12 жылдык окуу системасын киргизүү демилгесин мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылы сунуштаган. Анда балдар 1-класска алты жаштан баштап барса, 0-класс жоюлары айтылган.  

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей