БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Министр Жылдыз Полотова беш айдан кийин кызматынан бошотулду

Министр Жылдыз Полотова беш айдан кийин кызматынан бошотулду

Коллаж Т-Медиа

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мындан беш ай мурун, тагыраагы 12-июнда министр болуп дайындалган Жылдыз Полотова кайсы кызматка кеткени азырынча айтыла элек. Ал эми анын ордуна Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 

Эми мыйзам талаптарына ылайык, Сабировдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. 

Жылдыз Полотова министр болуп ушул жылдын 12-июнунда дайындалган. 

Равшанбек Сабиров 2010-жылы парламентке "Ата Мекен" партиясынан депутат болуп шайланган. Кийин социалдык өнүктүрүү министри болгон. 2012-жылы коррупцияга шек саналып камакка алынып, сот тарабынан беш жылга кесип, эки жыл жазасын өтөгөн соң мунапыс менен абактан бошотулган. 

Сабировдун соттуулугу 2020-жылы жоюлуп, президенттин кеңешчиси жана вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Ал 2021-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Журт-Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 

2022-жылы март айында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кызматына келип, ошол эле жылдын сентябрь айында кызматтан кеткен.

 

Автор: Боромбаев Максат > 149 макала