БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрдин эки орун басары кызматтан бошотулду

Министрдин эки орун басары кызматтан бошотулду

Сүрөт интернеттен алынды

 

Бүгүн, 11-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басарлары Нурдөөлөт Базарбаев менен Жаңыл Алыбаева ээлеген кызматтарынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинентинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.  

Ал эми алардын кызматтан алынышынын себеби айтылган жок. 

Нурдөөлөт Базарбаев атлаган кызматка 2023-жылдын сентябрь айында дайындалган. 55 жаштагы Базарбаев буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеген. 

Ал эми Жаңыл Алыбаева бул кызматка 2021-жылы дайындалган. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей