БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Министрлер кабинети айылдардын аталышын массалык өзгөртүүнү колдогон жок

Министрлер кабинети айылдардын аталышын массалык өзгөртүүнү колдогон жок

Интернеттен алынды

Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин айылдардын атын массалык түрдө өзгөртүү демилгесин колдобой турганын билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. 

"Тарыхый топонимиканы сактоо – бул биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздүн жана көп улуттуу мурасыбыздын ажырагыс бөлүгү, аны биз келечек муундар үчүн сактап калууга милдеттүүбүз",-деп жазган Байсалов. 

Буга чейин Акаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында 2025-жылы Чүй облусунун аймагындагы бардык айыл-кыштактардын орусча аталыштарын өзгөртүүнү Министрлер кабинетине сунуштаган. Алар - Беловодское, Садовое, Сосновка, Васильевка, Ивановка, Орловка, Озерное, Октябрьское, Полтавка, Крупское, Романовка, Петровка, Кировское, Комсомольское, Полевое, Советское, Буденовка, Зеленое, Буденовка, Зеленое, Степное, Любляное, Тельман, Ударник, Ленина Юрьевка, Мичурино, Прогресс, Горный, Рассвет, Восток, Дружба, Гагарин жана башкалар.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала