БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрлик Бишкекте катталган окуяда 29 адам жаракат алганын айтты

Министрлик Бишкекте катталган окуяда 29 адам жаракат алганын айтты

Сүрөт интернетте алынды

Саламаттык сактоо министрлиги 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуяда 29 адам жабыркаганын маалымдады. 17си шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү. Маалыматка караганда, жабыркагандардын көбү ооруканага жаткан эмес. 

18-майдын таңына карата тез жардам ооруканасында эки бейтап жаткан. Бир кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Аларга "баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы" деген диагноз коюлду. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Министрликтин маалыматы боюнча, Улуттук госпиталга ар кандай жаракат алган 12 жабырлануучу келип, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин он бири үйлөрүнө кеткен. 

18-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын абалы менен таанышты. 

"Ага операцияга жасалат. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды", -деп айтылат маалыматта. 

17-майда социалдык тармактарда Бишкектеги Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан чет элдиктердин жатаканасынын жанына жүздөгөн киши топтолуп, "чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгон" деген маалыматтар тараган. Интернет колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Чогулгандар Кыргызстанга келген чет элдиктердин маселесин көтөргөн. Аларды милиция кызматкерлери курчап, 50дөй кишини кармап, кийин кайра кое берген. 18-майга оогон түнү чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган.

Бишкектин Свердлов райондук милициясы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Автор: Т-Медиа > 353 статей