БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрлик боксчунун жеке машыктыруучусу Олимпиадага эмнеге барбаганын түшүндүрдү

Министрлик боксчунун жеке машыктыруучусу Олимпиадага эмнеге барбаганын түшүндүрдү

Сүрөт интернеттен алынды

Башкы машыктыруучулар гана аккредитациядан өткөндүктөн мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке жана улук машыктыруучусу Олимпиадага бара алган эмес. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди. 

Маалыматка караганда мушкер Олимп оюндарына лицензияны июнь айында алган. Ал эми, машыктыруучуларды аккредитациялоо мартта жыйынтыкталган. 

"Лицензиялык мелдештерге бир канча мушкер катышып, кимиси жолдомо алары белгисиз болгондуктан башкы машыктыруучулар аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү барыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы машыктыруучуга уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке машыктыруучу гана эмес, улук машыктыруучу дагы Парижге бара алган жок" - деген Абдымомунов. 

Кыргызстандык Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадада 4-августка караган түнү жарым финалга чыкты. Тарыхый окуядан кийин боксчунун жеке машыктыруучусу үйдөн туруп аны кантип сүрөп жатканы тартылган видео тараган. Андан соң машыктыруучуну Олимпиада жөнөтүүгө демөөрчү болгусу келгенин билдиргендер болду. 

Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмакта беттешип жатат. Анын биринчи мелдештеги атаандашы кубалык Орта Родригес дел Рэй Сайдель болгон. Аны жеңгенден кийин чейрек финалда 2021-жылы Дүйнө чемпиону жана 2023-жылы Панамерика чемпиондугунун жеңүүчүсү болгон Жамал Харви аттуу америкалык мушкерди утту. 

Эми жарым финалда 9-августка караган түнү болгариялык Хавьер Ибаньес Диасга кез келет.

28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюнлдарына биринчи жолу катышып жатат. Ал 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан. 2024-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей