БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Министрлик метапневмовирусун алдын алуу чараларын сактоону эскертти
Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды коомдук жайлардан келгенден кийин колду жууп же антисептикалык каражаттарды колдонууга чакырды.
Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциянын симптомдору бар адамдардан алыс болууга, кир кол менен бети-башты кармабоону, респиратордук этикеттерди (жөтөлгөндө, чүчкүргөндө мурун менен оозду салфетка менен жабуу) сактоону эскертип жатат.
Курч респиратордук вирус инфекциясы менен ооругандар көбөйгөн учурда беткап тагып, адамдар менен аралыкты сактоо сунушталган.
Министрликтин билдиришинче, метапневмовирустун белгилери кадимки сасык тумоого окшош болушу мүмкүн. Анын ичинде мурундун агышы, жөтөл, баш оору жана жогорку дене тап. Бирок бул илдетке чалдыккан бейтаптар дем алуу, бронхит жана пневмонияны сезиши ыктымал. Бул инфекция иммунитети начар адамдар, балдар жана улгайган бейтаптар үчүн коркунучтуу.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда үч айда метапневмовирусун жуктурган эки адам катталган. Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда да бул оору катталганы тастыкталды.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat