БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрлик: психикалык оорукананы оңдогонго акчабыз жок

Министрлик: психикалык оорукананы оңдогонго акчабыз жок

Сүрөт: Т- Медиа

Бишкек шаарындагы Республикалык психиатрия жана норкология борборунун имараты эскилиги жетип, учурда кейиштүү абалга кептелген. Саламаттык сактоо министрлиги ондоп-түзөөгө каражат таба албай жатканын айтууда.

Борбор дээрлик мындан жарым кылым мурда курулган. Андан бери бул жайдын имараттарын оңдоп түзөө иштери болгон эмес.  Ушул жылдын апрель айында аталган жайды Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору атайын текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныкташкан. Мекеменин эксперти Мирлан Жакыповдун айтымында, ооруканада тамак-ашка жетиштүү каражат бөлүнгөн эмес. Бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар да талапка жооп бербейт.

"Имараттардын эскилиги жанан анын ичиндеги кармаоо шарттары бейтаптарга түздөн-түз таасир этери аныкталды. Мындан сырткары ар бир адамга күнүнө болгону 92 сом гана бөлүнөт экен. Бул сумма толук кандуу тамактанууга өтө аз. Ушундай эле сумма дары дармектерге дагы бөлүнөт".

Жакыпов бейтаптарга түзүлгөн мындай шарттар одоно мыйзам бузуу катары кабылданып, адамгерчиликсиз мамиле жана кыйноо катары бааланарын айтты. 

Оорукана жетекчилиги эмне дейт?

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директору Руслан Токубаев аталган жагдайлар тууралуу жооп берген жок. Анын ордуна борбордун дарыгери Кубанычбек Эргалиев комментарий берип, мүчүлүштүктөр бар экенин тастыктады

"Көйгөйлүү шарттар бар бизде. Анткени каржылоо жагынан мүчүлүштүктөр бар. Ремонтко, тамак-ашка да аз акча бөлүнөт. Алар бейтаптарга азыраак болуп эсептелинет", -деди Эргалиев.


Дарыгер аталган көйгөйлөр көп жылдан бери чечилбей келатканын, ал үчүн министрлик тарабынан тийиштүү каржылоо жоктугун белгиледи. 

"Бөлүмдөрдүн баардыгынын чатырлары эски. Алардын бардыгы өзүнүн мөөнөтүн эки-үч жолудан аткарып бүткөн. Айрым жаан аккан жерлери да бар. Аларды кичинеден оңдоп коюп жатабыз".

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптарга толук кандуу тамак-аш берилип, шарттар талапка жооп берээрлик түзүлүш үчүн каражат жетишсиз болуп жатканын билдирди.  

"Бизге көп акча кетет. Бул акчаны финансы министрлиги бөлүп берсе, биз ошол күнү чечкенге даярбыз. Бул маселелерди биз билебиз, баардыгын. Бүгүнкү күндө акча гана маселе. Биз деле кудайдын колунда деген абалга жеттик. Себеби, психикалык оорукананы жаңылаганга акчабыз жок", - деди Саламаттык сактоо министрлигинин баштапкы медико-санитардык жардам бөлүмүнүн башчысы Гүласыл Сүтүева. 

Республикалык психиатрия жана наркология борбору жалпы 655 бейтапка ылайыкташкан. Бирок учурда оорулуулардын саны көрсөтүлгөн нормадан 5-15 кишиге чейин көп. Ооруканада 17 стационардык бөлүм бар. Ал эми өспүрүмдөр үчүн өзүнчө каралган эмес. 

Мындан улам бейтаптар дагы канча убакыт бул шартта кармалып дарыланышы, мекеме качан камкордукка алынып, талаптагыдай шарттар түзүлөөрү азырынча белгисиз. 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей