БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Райондук маданият бөлүмдөрүнө үн күчөтүүчү аппаратуралар тапшырылды

Райондук маданият бөлүмдөрүнө үн күчөтүүчү аппаратуралар тапшырылды

Сүрөт: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдөгү бардык райондук маданият бөлүмдөрүнө үн күчөтүүчү аппаратураларды толук топтому менен камсыздады. Министрлик анын бир даанасынын баасы 939 миң 210 сомду түзөрүн билдирди.

Учурда аппаратуралар Чүй, Талас, Нарын, Ысык- Көл облустарына таратылып берилип, орнотулуп орнотулууда. Жакынкы күндөрү Ош, Жалал- Абад жана Баткен облустарына жеткирилет. Министрлик үн жабдуулары президент тарабынан маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө бөлүнгөн каражаттын эсебинен алынганын кошумчалады.

Мекеме белгилегендей, Кыргызстандын аймактарында буга чейин мындай толук комплектеги аппаратуралар мамлекеттин бюджетинин эсебинен алынган эмес. Өлкөдө райондук деңгээлдеги 40 маданият үйү бар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей