БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрлик: Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөө 2-августта алынат

Министрлик: Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөө 2-августта алынат

Сүрөт: Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Эми жол сызыктары чийилип бүтсө, унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынат. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. 


“1-августта дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат. Чектөөлөр 2-август күнү саат 16:00дон кийин алынышы болжолдонууда. Азырынча мурдагы график күчүндө турат. Ошондой эле буга чейин тоннель кызматына айлана-чөйрөнү, тоннелдин кире бериш жерлерин көрктөндүрүү боюнча тапшырма берилген. Жакынкы күндөрү иштер башталат, ал учурда унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт”, -дейт министрлик.

Тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилген. Ага ылайык, жол 26-июлдан 6-августка чейин он сааттан ашык жабыла турганы эскертилген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей