БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Катуу сууктан мектептер онлайнга өтүп, айрым бала бакчалар жабылды

Катуу сууктан мектептер онлайнга өтүп, айрым бала бакчалар жабылды

Сүрөт: "Акчабар"

Соңку эки күндөн бери Кыргызстанда аба ырайы кескин сууктады. Социалдык тармактардын колдонуучулары катуу суукта мектептерди онлайнга өткөрүү сунушун улам берип жаткан. Айрымдары өлкөдөгү маанилүү иш-чараларда же Бишкекке сырттан коноктор келгенде мектептер аралыктан окутууга өткөнүн, мындай суукта министрликтин үн катпаганын сынга алышты. Билим берүү жана илим министрлиги сын-дооматтардан кийин гана окуучулар 13-15-декабрга чейин аралыктан окутуларын кабарлады. 

Бирок министрликтин кечиккен буйругун ата-энелер, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары сынга алды. Социалдык тармактардын колдонуучулары онлайн режим боюнча кеч айтылганын, балдары бүгүн эрте менен мектепке барып убара болгонун айтып нараазы болушту. 

 

Бул маселе Жогорку Кеңештин 13-декабрдагы жыйынында да көтөрүлүп, депутат Жанар Акаев мектептерди катуу суукта онлайнга өткөрбөгөнү үчүн Министрлер кабинетиндеги тийиштүү жетекчилерге чара көрүүнү талап кылды. Ал окутуу аралыктан жүргүзүлөрү боюнча алдын-ала эскертүү берилбегенин сындады.

"Бишкек шаарында 215 миң окуучу бар. Бүгүн анын баарын азапка салдык. Эрте менен мектепке барышты. "Онлайнга өттүк" деп кайра жөнөтүп атышат. Ата-энелердин баарын кычыраган кышта азапка салдык. Эмне үчүн бир-эки күн мурун окуу онлайн болот деп ата-энелерге эскертүү берилип, министрликтин буйругу жиберилген жок? 215 миң окуучуну кычыраган суукта ушундай абалга салган үчүн Министрлер кабинетиндеги тиешелүү жетекчилерге сөзсүз чара көрүлүш керек. Мындан ары мындай кайталанбаш керек". 

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева кеч чечим чыгарганын аба ырайы боюнча маалыматты кеч алганы менен түшүндүрүп жатат. Ал 13-декабрда маалымат жыйында белгилегендей, мындай чечим Бишкек шаарындагы окуучулардын ата-энелеринин кайрылуусунан улам кабыл алынган.

"Айрыкча Бишкек шаарындагы ата-энелердин өтүнүчү менен кабыл алдык. Жолдогу тыгындар, мектепке жетүү процессинин оордугунан улам бул буйрук чыкты",- Догдуркүл Кендирбаева. 

Айрым райондордо бакчалар да жабылды

Катуу суукка байланыштуу айрым аймактарда бала бакчалар да жабылды. Ош облусунун Алай районунда 41, Кара-Кулжада 25 жана Өзгөндө бир бала бакча апта соңуна чейин иштебейт.   

Кыргызгидромет бул жумада өлөдө катуу суук болорун эскерткен. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -30 градуска чейин суук болору айтылган. Ал эми Өзгөчө кырдааладар министирлиги өлкөдө 13-14-декабрь күндөрү аба ырайы кескин төмөндөшү боюнча шашышылыш билдирүү таратып, жолдор тайгак болгондуктан узак жолго чыкай турууну эскерткен.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей