БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Минкабдын токтому: бала бакчада 5 жылдан көп жетекчи болгондор кызматынан бошотулат

Минкабдын токтому: бала бакчада 5 жылдан көп жетекчи болгондор кызматынан бошотулат

Интернеттен алынды

Эми мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчада беш же андан көп жыл иштеген жетекчилер кызматтан алынып, директорду тандоо сынактын негизинде жүргүзүлөт. Мындай токтом 28-майдагы Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, минкаб мүчөлөрүнүн кароосуна "Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин камсыз кылуунун жана ишин уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" токтомунун долбоору сунушталып, бир добуштан колдоого ээ болгон.

Ага ылайык, бул токтом күчүнө киргенден тартып, бакчада беш же андан көп жыл жетекчи болгондор ээлген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелинет. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей