БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Акылбек Жапаров Ташиевдин үй-бүлөсүнүн коопсуздугу караларын билдирди

Акылбек Жапаров Ташиевдин үй-бүлөсүнүн коопсуздугу караларын билдирди

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Министрлер кабинетин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да коопсуздугу толук караларын билдирди. 

 

Жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков Ташиевдин коопсуздугу боюнча меселе көтөрүп, мамлекет тарабынан анын үй-бүлөсүн кайтарганга кандай чара көрүлүп жатканын сурады.  

"Биз эч кимге Камчыбек Кыдыршаевичтин өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да бир да тал чачын жерге түшүргөнгө мүмкүнчүлүк бербейбиз. Урматтуу Садыр Нуркожоевич атайын өзгөчө көңүл бөлүп жатат",-деди Акылбек Жапаров. 

Кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөндөн кийин атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмуштуу топторго, коррупциялык схемаларга тиешеси бар адамдар тууралуу тынбай кайрылуу жасап жатат. Соңку кайрылуусунда Райымбек Матраимов менен маркум Камчы Көлбаевди "Кыргызстанда мафия түзгөн" деп айыптаган.

Камчыбек Ташиев  УКМКнын төрагасы болуп 2020-жылы дайындалган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей