БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрлик мүлкүн легалдаштыргандарга кандай кепилдик берилерин айтты

Министрлик мүлкүн легалдаштыргандарга кандай кепилдик берилерин айтты

Иллюстративдик сүрөт

Мунапыс мыйзамынын негизинде мүлкүн легалдаштырган жарандага мамлекет бир нече кепилдиктерди берет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымат берди. Ага ылайык:

- Декларациялоо жүргүзүү мезгилинде укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан мүлкүн текшерүүгө тыюу салынат;

- Декларациялоо мөөнөтү ичинде мүлкүн кайра өзүнө каттоодо кайра тариздөө салыктарды төлөнүлбөйт; 

- Декларацияда камтылган маалыматтар кандай болбосун кылмыш ишин козгоо, салыктык, бажылык жана башка төлөмдөрдү эсептөөгө жол берилбейт;

- Декларант катышкан кылмыш-жаза ишинин, укук бузуулар жөнүндө иштин алкагында далил катары пайдаланылбайт;

- Байлыгын каяктан, кантип топтогону жөнүндө маалымат берүү милдетинен бошотулат;

- Декларацияда көрсөтүлгөн мүлкү бардык мамлекеттик органдар үчүн декларациялоо фактысын ырастоочу документ болуп саналат;

- Атайын декларацияда камтылган маалыматтар декларанттын жашыруун сыры деп таанылат жана ачыкка чыгарылбайт.

Эске салсак: бир жума мурун өлкө башчы Садыр Жапаров 20 млн долларлык мүлкүн өзүнө жаздырганын айткан. Ал башкаларды да легалдаштырууга чакырып, мыйзам 1-июлга чейин күчүндө экенин эскеркен. 

Жапаров "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамга былтыр 20-июнда кол койгон. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 4-майында кабыл алган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей