БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үч округдагы кезексиз шайлоо: саат онго карата 11 миң шайлоочу добуш берди

Үч округдагы кезексиз шайлоо: саат онго карата 11 миң шайлоочу добуш берди

Сүрөт: t-media/ Улукбек Сали уулу

Бүгүн, 28-апрелде үч округда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. БШК саат онго карата Ош округунан 4075, Баткенден 3649 жана Кара-Сууда 3295 жаран добуш бергенин билдирди.

27-апрелде ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоо участокторуна келе албаган 606 жаран добуш берген.

№2 Баткен, №7 Ош, №9 Кара-Суу шайлоо округдарында жалпысынан 30 талапкер ат салышып жатат. 

Аталган округдардан 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайланып келген Айбек Осмонов, Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиев өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей