БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ: Москвадагы окуяда каза болгону айтылган кыргыз жараны тирүү

ТИМ: Москвадагы окуяда каза болгону айтылган кыргыз жараны тирүү

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги

Москвадагы окуяда каза болду делип жаткан кыргыз жараны Шерзодбек Тургунбаев тирүү экендигин Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 24-мартта билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 22-мартта "Крокуста" Тургунбаев ишетеген эмес. Элчилик анын туугандары менен байланышкан. Учурда ал тирүү жана анын жүргөн жерин такталууда. Мындан сырткары ТИМ кандуу окуядан кийин дайыны чыкпай жаткан эки кызды издөө жүрүп жаткандыгын кошумчалады. 

Буга чейин социалдык тармак колдонуучулары 22 жаштагы кыргыстандык Шерзодбек Тургунбаев теракта каза болгонун жазып чыгышкан.

Эске салсак, 22-март күнү Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок аттуу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча кандуу окуядан 133 жаран каза тапкан.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей