БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Орозо айында бериле турган битирдин өлчөмү аныкталды

Орозо айында бериле турган битирдин өлчөмү аныкталды

Интернеттен алынды

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы быйыл ыйык Орозо айында бериле турган садака-битирдин өлчөмүн бекитти. 

Муфтият кабарлагандай, бир адамга эсептелинген битирдин өлчөмү - 1,6 килограмм буудайдын, ундун, мейиздин, болбосо 3,2 килограмм арпанын же курманын наркына барабар. Базар баасы менен алганда садака ар бир адамга 50 сомдон эсептелди.

Ал эми зекеттин өлчөмү алтындын баасы менен гана эсептелген. Жыл сайын алтын жана күмүштүн наркына карап бааланчу.

Малдын зекети

  • - Уйдун зекети: ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет. Топоздон дагы зекет берилет. Анын өкүмү уйдун зекетинен эч айырмаланбайт.
  •  
  • - Кой, эчкинин зекети: ар бир мусулман пенденин майда малы 40 койго же эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой же бир эчки зекет катары берилет.
  •  
  • - Төөнүн зекети: ар бир мусулман пенденин төөсү бешөө болсо, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой зекетке берилет. 
  •  
  • Жылкынын зекети: ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган, арасында кеминде бир ургаачысы бар жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен зекет берүү өлчөмүнө жетсе кырктан бири зекетке берилет. Бул мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.

Кыргызстанда Орозо бул жылы 11-мартта башталып, 10-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Ал эми 10-апрель Орозо айт күнү деп белгиленди.

Автор: Осмонова Айдана > 817 макала