БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мугалим болуп иштөөгө тыюу салган оорулардын тизмеси кайра иштелип чыгат

Мугалим болуп иштөөгө тыюу салган оорулардын тизмеси кайра  иштелип чыгат

Интернеттен алынды

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда мугалим болуп иштөөгө тыюу салган оорулардын жана кылмыштардын тизмеси кайрадан түзүлөрүн билдирди. 

Маалыматка караганда, токтом долбоору көпчүлүктүн нааразылыгынан улам коомдук талкуудан алынган. Эми ал документти мекемелер аралык жумушчу топ кайрадан толуктап иштеп чыгат. 

“"Билим берүү жөнүндө" мыйзамга ылайык, мектеп, бала бакчаларда иштөө укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана оорулардын тизмеси милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш”, -деп жазылат маалыматта.

Министрлер кабинети 28-июнда токтом долбоорун бир айлык мөөнөткө коомдук талкууга чыгарган. Анда оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазык куугунтугуна алынган же соттуулугу бар жарандар мугалим болуп иштей албай тургандыгы жазылган. Бул тизмеде жалпы 19 кылмыштын түрү бар. 

Долбоордо оорунун 32 түрү белгиленген. Ичинде нерв оорулары, тубаса кемтик, талма (эпилепсия), гипертония, аракечтик, баңгилик, кургак учуктун ачык формалары, боор, бөйрөк, ревматизм, ишемикалык жүрөк оорусу жана башкалар жазылган.

 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей