БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мунарбек Сейитбек уулу 11-августта финалдык беттешин өткөрөт

Мунарбек Сейитбек уулу 11-августта финалдык беттешин өткөрөт

Сүрөт: интернеттен алынды

Кыргызстандын намысын Париж Олимпиадасында коргоп жаткан боксчу Мунарбек Сейитбек уулу 11-августта алтын медал үчүн беттешет. Беттешүү убактысы Бишкек сааты менен түнкү 1:30да орун алат.

Анын каршылашы коңшу Өзбекстан өлкөсүнүн спортчусу Абдумалик Халоков болмокчу. Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмакта беттешип жатат. Ал өлкө тарыхында Олимп оюндарында финалга чейин жеткен алгачкы боксчу болуп калды. 

Эске салсак, спортчу биринчи атаандашы кубалык Орта Родригес Дел Рэй Сайдель болгон. Аны жеңгенден кийин чейрек финалда 2021-жылы Дүйнө чемпиону жана 2023-жылы Панамерика чемпиондугунун жеңүүчүсү болгон Жамал Харви аттуу америкалык мушкерди уткан.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей