БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын жарым финалына чыкты

Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын жарым финалына чыкты

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандык Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадада жарым финалга чыкты. Ал 4-августка караган түнү америкалык атаандашына кез келген. 

Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмакта беттешип жатат. Анын биринчи мелдештеги атаандашы кубалык Орта Родригес дел Рэй Сайдель болгон. Аны жеңгенден кийин чейрек финалда 2021-жылы Дүйнө чемпиону жана 2023-жылы Панамерика чемпиондугунун жеңүүчүсү болгон Жамал Харви аттуу америкалык мушкерди утту. 

Эми жарым финалда 9-августка караган түнү болгариялык Хавьер Ибаньес Диасга кез келет.

28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюнлдарына биринчи жолу катышып жатат. Ал 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан. 2024-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. 

Олип оюндары Парижде 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандан 16 спортчу сууда сүзүү, күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча оюндарга катышат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей