БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мурас-Ордо конушунда эки бала тоңгон сууга чөгүп каза болду

Мурас-Ордо конушунда эки бала тоңгон сууга чөгүп каза болду

Видеодон скриншот алынды

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөдө музда ойноп жаткан беш бала сууга түшүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, үчөөнү жергиликтүү тургундар суудан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берген. 

Ал эми калган эки жаш баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.  Окуя 2-мартта жүз берген. Каза болгон эки бала 9 жана 11 жашта экени айтылды. 

ӨКМдин расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда былтыр сегиз айда 98 адам сууга чөгүп каза болгон.

Автор: Т-Медиа > 354 статей