БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Экс-министр Эркинбек Чодуев кармалды

Экс-министр Эркинбек Чодуев кармалды

Сүрөт: УКМК

Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри (ред-учурдагы аталышы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги) Эркинбек Чодуев кармалды. Ал мекемедеги коррупциялык иштерге шектелүүдө. Бул тууралуу 14-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымады.

Атайын кызматтын кабарлашынча, Эркинбек Чодуев "Лиматекс пахта корпорациясынын" аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирип, жеке адамдарга сатып жибергени аныкталган. УКМК келтирилген зыяндын өлчөмү 500 млн сом деп бааланганын кошумчалады.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси менен иш козголгон. Шектүү учурда УКМКнын тергөө абагына камалды.

Эркинбек Чодуев 2019-жылдан 2020-жылга чейин айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигин жетектеген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей