БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Мурдагы аялын сабап жүргөн жаран кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы аялын сабап жүргөн жаранды кармады. Атайын кызмат кабалагандай, келинди мурдагы күйөөсү балдарынын көзүнчө бычак, балта менен коркутуп, кичүү уулун бакчадан алып кетип калып, улуу кызына апасын жамандап, уят сүрөттөрдү жиберип турган.
Мурдагы күйөөсүнүн зомбулугуна даттанып, А.А.Т. аттуу аял кайрылган. Ал мурдагы күйөөсү өзүн дайыма сабап, психологиялык жактан басынтып келгенин, ажырашып кеткенден кийин да бул иштерин токтотпогонун билдирген.
"Жабырлануучу бир нече жолу ички иштер органдарына кайрылып, жолдошуна карата бир нече ирет админстративдик жаза колдонулган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында бир нече сутка камалып чыккан соң, ал кайра эле мурунку кылыктарын жасап келген", - деп жазылат маалыматта.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш ачылды. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө жүрүүдө.
Буга чейин атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев ур-токмоктон жабыркаган аялдарды УКМКнын аймактагы бөлүмдөрүнө кайрылууга чакырган.
Ички иштер министрлиги 2023-жылы Кыргызстанда 13 миң 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы аныкталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп.
Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat