БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Мурдагы саясатчы Турсунбековдун аялы коркутуу каты боюнча билдирүү таратты
Мурдагы саясатчы, маркум Чынбай Турсунбековдун аялы Нуржан Тентимишова жолдошунун аты аталган кат боюнча билдирүү таратты. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.
Тентимишова катты кимдер жазганынан кабары жоктугун айткан.
“Биз саясатта жокпуз, кызыкпайбыз. Биз азыр өзүбүздүн ишибиз менен алектенип жүргөн үй-бүлөбүз. Ошондой кезде бирөө кат жазып, жолдошумдун атын атап, менин атымды атап жаткандыгы мени шок кылды. Кандай максатта, кимдер экендигин да билбейм”- деген ал.
Мындан сырткары, Сапар Исаковго каржылык колдоо көрсөтүп, өлкөгө алып келе жатат деген сөздөрдү четке каккан.
Кечээ, 20-ноябрда УКМКнин төрагасы Камчыбек Ташиев чукул маалымат жыйынын уюштуруп, коркутуу катын алганын маалымдаган. Кагаз конвертти көрсөтүп, анын ичинде флешка болгонун айткан. Катта белгисиз бирөө аны жана үй-бүлөсүн өлтүрүү үчүн атайын жалданган баш кесер экенин, олигархтардан жана кримтөбөлдөрдөн бул тапшырманы аткаруу үчүн өтө көп каражат алганын жазган.
Катта бул оюнан кайтканын, ал үчүн Чыныбай Турсунбековдун мүлкүн он сааттын ичинде кайтарып берүүсү талап кылынган.
Автор: Осмонова Айдана > 721 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat