БАШКЫ БЕТ > Макалалар

Мурдагы УКМК кызматкери, милиция, айдоочу. Ноокат округунан депутаттыкка аттангандар кимдер?

Мурдагы УКМК кызматкери, милиция, айдоочу. Ноокат округунан депутаттыкка аттангандар кимдер?

"Т-Медианын" коллажы

30-июнда №5 Ноокат бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы 9 талапкерди каттады. Депутат болгусу келгендер кимдер жана алар тууралуу эмне белгилүү? «Т-Медиа» талапкерлер тууралуу кыскача маалымат чогултту.

Талапкерлердин сүрөтү БШКнын сайтынан алынды.

Бакытбек Марипов

Талапкердин арасында Ноокат райондук ооруканасынын мурдагы директору Асамидин Мариповдун уулу, Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Мариповдун иниси Бакытбек Марипов бар. 

36 жаштагы Бакытбек Марипов БШКнын сайтында «убактылуу иштебейт» деп көрсөтүлгөн. Эмгек тажрыйбасы тууралуу маалыматта акыркы иштеген 2020-2021 жылдары жазылган.  

Ал мурда бир нече жыл өзү туулган Кыргыз-Ата айыл аймагын башкарып, 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин Ноокат районунун акими болуп дайындалган. Бирок агасы Улукбек Марипов 2021-жылдын февралында премьер-министрлик кызматка келгенден бир күндөн кийин иштен бошотулган.

Бакытбек Марипов 2021-жылы ноябрда Жогорку Кеңешке өткөн шайлоодо да Ноокат округунан ат салышкан. «Фейсбук» колдонуучуларынын бири аны мечитте үгүт жүргүзүүгө, атасы Асамидин Мариповду админресурс колдонууга айыптаган. Асамидин Марипов айыптоолорду четке кагып, муну «каралоо» деп атаган.

Жакында эле жергиликтүү басылмалар Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Эмаком» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Эмилбек Жусупов Бакытбек Мариповду алдамчылыкка айыптап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына арызданганын жазып чыгышты. Атайын кызмат бул боюнча расмий маалымат берген жок. 


Санжарбек Төлөнбаев

44 жаштагы Санжарбек Төлөнбаев да Жогорку Кеңешке Ноокат округунан ат салышууда. Боршайкомдун сайтында ал Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Спорттук комплекстин» директору деп көрсөтүлгөн. Юстиция министрлиги учурда аталган мекемени Садырбек Суванов жетектерин маалымдайт. 

 

Төлөнбаев 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил»” партиясынан талапкер болгон.  Ошол эле жылы декабрда президенттин Оштогу резиденциясынын директору болуп дайындалган. Ачык булактарда ага чейин айдоочу болуп иштегени тууралуу маалыматтар бар.  

Санжарбек Төлөнбаев коомчулукта президент Садыр Жапаровдун килемге токулган чоң сүрөтүн иш бөлмөсүнө илип алганы менен белгилүү болгон. Бул окуя соцтармакта кызуу талкууга алынган. Төлөнбаев ал килем Жапаров абакта жатканда эле токулганын айткан. Көп өтпөй өлкө башчы өзүнүн портретин мамлекеттик имараттарга илбөөнү сунуштаган. 


Артыкбай Абдивалиев 

55 жаштагы Артыкбай Абдивалиев жеке ишкер. Химиялык продуктыларды дүңүнөн сатуу кызматын көрсөткөн «АГРО ТОП» ЖЧКсынын ээси.

БШКнын сайтында Абдивалиев мындан тышкары «Агрохимия» компаниясын негиздеген деп көрсөтүлгөн. Бирок фирма 2022-жылы кайра каттоодон өтүп, учурда Артыкбай кызы Мадина ээлик кылат. Ачык булактарда ал «Айыл чарбанын мыктысы» төш белгисин ээси экени тууралуу маалыматтар бар. Абдивалиевге бул сыйлык аталган тармактагы эмгектери үчүн берилген. 2021-жылы парламенттик шайлоого Ноокат округунан талапкерлигин коюп, бирок шайлоочулардын 8,3% добушун алып, жеңилген. 


Каныбек Абдикеримов 

Талапкер 49 жашта, убактылуу иштебейт. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) ардагери. Ачык булактарда ал тууралуу дээрлик маалымат жок. 

 

Бакытбек Ажикулов  

39 жаштагы Бакытбек Ажикулов Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүн башкарып келген. Ага чейин Ноокат, Алай райондук ички иштер башкармалыгында эмгектенген. 

 

Айболот Айдосов 

38 жаштагы Айболот Айдосов кесиби боюнча политолог. Соңку эки жылдан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде иштеген. Мекемеде басма сөз катчы болуп турган. Мындан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана балдар үчүн мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча сектор башчы кызматын аркалаган.  

Ага чейин Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмүндө, Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде, БШКда, УТРКда жана «Бешинчи каналда» эмгектенген. 

Айболот Айдосов — башка топторго кирбеген башка коомдук уюмдардын иши кызматын көрсөткөн «Кыргыз Медиа Центр» коомдук фондунун жетекчиси жана негиздөөчүлөрүнүн бири. Аталган фонд Бишкектин Свердлов районунда катталган.

 


Гулнара Дуванаева

Ал жеке ишкер. 2021-жылы «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси менен Ноокат шаардык кеңешине депутат болгон. Жеке ишкерликке келгенге чейин райондук элдик көзөмөл комитетинде жана мектепте орус тил мугалими болуп иштеген. 

Гулнара Дуванаева «Радуга-Жийде» жеке балдар бакчасына жалгыз өзү ээлик кылат. Мекеме Юстиция министрлигинен 2016-жылы каттоодон өткөн. Бала бакча Ноокаттын Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылында ишмердүүлүгүн жүргүзөт. 

Элдар Кудайбердиев  

55 жаштагы Элдар Кудайбердиев БШКнын сайтында «учурда эч жерде иштебейт» деп көрсөтүлгөн. Ички иштер министрлигинин пенсионери. 2022-2023-жылдары Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башчысынын орун басары болгон. Ага чейин Ички иштер министрлигинде ар кандай жогорку кызматтарды аркалаганы айтылат. 

Элдар Кудайбердиев 2012-жылы министрликтин Маңзаттарды мыйзамсыз сатууга күрөшүү боюнча Түштүк башкармалыгынын башчысы болуп турганда штаттан тышкары кызматкери экөө 5 миң доллар пара алууга шектелип кармалган. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. 2013-жылы Ош шаардык соту Кудайбердиевди күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. 

2021-жылы Ош облустук соту да аны күнөөлүү деп таап, бирок жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза өтөөдөн бошоткон. Ошол эле жылы Жогорку сот облусттук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

 

Касымбек Кыланов

37 жаштагы Касымбек Кыланов жеке ишкер. 2015-жылы «Бир Бол» партиясынын тизмесинде 127-орунда парламенттик шайлоого катышкан. Ага чейин Ноокат райондук милициясында оперативдик кызматкер болуп иштеген. 

Эске салалы: 2021-жылы Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына аталган округдан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. Мекеме 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Автор: Т-Медиа > 361 статей