БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Экс-министр Алмазбек Бейшеналиев үч жыл бою мамлекеттик кызматка бара албайт
Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 1,5 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-апрелде чыгарган.
Райондук соттун басма сөз кызматынын 11-июлда "Т-Медиага" берген маалыматы боюнча, Бейшаналиев мындан сырткары үч жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды.
Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылы сентябрда кармалган. Ички иштер министрлиги аны "жогорку окуу жайлардын бирине чет элдик студенттерди кабыл алуу үчүн 110 миң доллар пара алган" деп айыптаган.
Экс-министр күнөөсү жоктугун айтып, конверттеги акча билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилгенин белгилеген.
![](/media/profile_pics/%D0%90%D1%81%D0%B5%D0%BC%D0%B0.jpg)
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat