БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты

Интернеттен алынды

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадада финалга чыкты. Эми алтын үчүн күч сынашат.

Ал жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Диас менен беттешип, аны 4:1 эсебинде жеңди.

Эми финалда өзбекстандык Абдумалик Халоков менен 11-августта беттеш өткөрөт.  

Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмакта беттешип жатат. Анын биринчи атаандашы кубалык Орта Родригес Дел Рэй Сайдель болгон. Аны жеңгенден кийин чейрек финалда 2021-жылы Дүйнө чемпиону жана 2023-жылы Панамерика чемпиондугунун жеңүүчүсү болгон Жамал Харви аттуу америкалык мушкерди уткан. 

28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарына биринчи жолу катышып жатат. Ал 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан. 2024-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси.  

Учурда Парижде Олимпиада оюндары өтүүдө. Анын аякташына үч күн калды. Мелдештерге Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. Азыр өлкөнүн куржунунда төрт медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазаровада күмүш байге, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей