БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Музга айланган тротуарлар. Сүрөт баян

Музга айланган тротуарлар. Сүрөт баян

Сүрөт: "Т-Медиа"

Акыркы күндөрдөгү катуу сууктан Ош шаарындагы унаа жана жөө адамдар жүрүүчү жолдор бирдей тоңуп, тайгалак болуп калды. Калаанын негизги жолдорунда карды тазалоо иштери жүргөнү менен тротуарлар каралган эмес. "Т-Медиа" эл эң көп жүргөн жөө жүрүүчү жолдорду сүрөткө түшүрдү.

 

Тротуарларга муз тоңуп, адамдар жолдун чети менен басышууда. Жаш балдардын муз тебүү аянтчасына айлангандары да жок эмес.

 

Тротуарлады тазалоо "Ош-Тазалык", Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты жана Жолдор башкармалыгына бөлүнгөн. Бирок алар шаардыктар жөө жүрүүчү жолдорго кум, туз чачышпайт, анткени ал үчүн мэрия атайын каражат бөлбөйт. Бул тууралуу Чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Эшмамбет Кармышаков билдирди. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей