БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолу кар көчкүдөн улам жабылды

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолу кар көчкүдөн улам жабылды

Архивдик сүрөт

16-февралда саат 16:00 чамасында Ош облусуна караштуу Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 101-107-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу "Т-Медиага" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Тазалоо иштеринин натыйжасында көлөмү 7 миң метр куб кар көчкү жана 50 миң метр кар күрткү тазаланып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Учурда тазалоо иштери кайра уланууда", -деп маалымдады ӨКМ.

Министрлик мындан сырткары туруксуз аба ырайына байланыштуу дагы эки авто жол жабылганын маалымдады. Алар: Кочкор районунда  Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 194-чакырымынан 168-чакырымы, Чаткал районунун  Ала-Бука –Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 34-101 жана Красная Горка –Ак-Таш унаа жолунун 0-4-чакырымдары.

Буга чейин ӨКМ өлкө аймактарында 18-февралга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаашы жана кар күрткүсү күтүлөрүн маалымдаган. Министрлик жарандарды зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыкпай турууга чакырууда.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей